АБИТУТЕРЛЕР: 2026/27-окуу жылында орто кесиптик билим берүү мекемелерине кабыл алуу боюнча маанилүү жаңылык!

 

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алууну уюштуруунун тартибин бекитти.

Негизги өзгөртүүлөр:

  • 11-классты аяктаган абитуриенттерди бюджеттик жана контракттык орундарга кабыл алуу учурдагы жылдын ЖРТсынын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.
  • Маданият, искусство, дене тарбия жана спорт багытындагы адистиктер өзгөчө учур болуп саналат.
  • Чет өлкөлүк жарандар үчүн өзүнчө кабыл алуу планы бекитилди.
  • Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө көңүл бурулат: майыптыгы бар адамдарга, жетим балдарга, апрель, июнь жана Баткен окуяларында каза болгондордун балдарына, ошондой эле кайрылмандарга.

Документтерди тапшыруу эрежелери:

  • Ар бир кабыл алуу турунда абитуриент бир бюджеттик (ваучердик) орунга жана бир контракттык орунга арыз бере алат.
  • Россиянын, Беларустун жана Казакстандын жарандары эл аралык келишимдерге ылайык жалпы негизде катышат.
  • Документтер «Абитуриент Online» электрондук системасы аркылуу кабыл алынат.

Жаңычылдыктардын максаты – Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү системасында кабыл алуу өнөктүгүнүн ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу.