Ош аймактык медициналык колледжи — орто кесиптик медициналык жана фармацевтикалык билим берүүнүн базалык деңгээлиндеги программаларды ишке ашырган жеке билим берүү мекемеси. Колледж 2013-жылы «Саламаттык Азия» жеке медициналык колледжин кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн жана ошондон бери Кыргызстандын түштүгүндөгү медициналык кадрларды даярдоонун заманбап борбору катары өнүгүп келет.

2019-жылы колледж кайра каттоодон өтүп, учурдагы атын — Ош аймактык медициналык колледжи деген атты алды. 2025-жылдын августунда юридикалык дареги өзгөргөндүктөн Ош адилет башкармалыгында кайрадан каттоодон өтүлдү.

Жалпы маалымат

Толук аталышы: Ош аймактык медициналык колледжи
Юридикалык жана фактикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Кара-Суу району, Датка айыл өкмөтү, Ташлак айылы, Памир тракты көчөсү, 1 км, №3 үй
Телефон / факс: 03222 (8-88-68)
Электрондук почта: oshrc@mail.ru
Сайт: ormk.kg
Лицензия: LS 250000887
Негиздөөчү: Эрмеков Данияр Жунусмаматович
Директор: Юлдашева Санабар Эргешовна

Миссия

Колледждин миссиясы — үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү шартында жумуш берүүчүлөр менен тармактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн негизинде саламаттыкты сактоо системасы үчүн жогорку квалификациялуу орто медициналык кызматкерлерди даярдоо, ар бир студентке жеке билим берүү траекториясын түзүүгө мүмкүнчүлүк берүү жана маалымат-коммуникациялык технологияларды өздөштүрүү деңгээлин жогорулатуу.

Аккредитация

Колледж беш жолу аттестацияланып, аккредитацияланган:

  • 2016-ж. — Сертификат №SC160000149, МБ жана Н КР буйругу №316/1, 17-март 2016-ж., рег. №S16/0005
  • 2019-ж. — Сертификат №VK190000389 (программдык), Агенттиктин буйругу №3/19/02, 5-апрель 2019-ж., рег. №0103
  • 2021-ж. — Сертификат №VI210000033 (институционалдык), Агенттиктин буйругу №3/21/01, 9-февраль 2021-ж., рег. №0116
  • 2024-ж. — Сертификат №VI240000778 (программдык), Агенттиктин буйругу №3/24/03, 4-июнь 2024-ж., рег. №0406
  • 2024-ж. — Сертификат №VI240000188 (институционалдык), Агенттиктин буйругу №3/24/03, 4-июнь 2024-ж., рег. №071
Колледж бүгүн

2025-жылга карата колледжде 344 күндүзгү бөлүм студенти билим алууда. Штаттык педагогикалык курам 15 окутуучудан турат (68%), дагы 7 адам айкалыштыруу боюнча иштейт. Окутуучулардын арасында илимдин доктору, магистрлер, билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун үздүктөрү бар. Педагогдордун 87% ИКТ технологияларын кесиптик деңгээлде колдонот.

Аудиториялык фонд 16 бөлмөдөн турат: 4 лекциялык аудитория, 12 атайын дисциплиналар кабинети, 3 окуу-тренажёрдук зал жана лаборатория, информатика кабинети, конференц-зал, окуу залы бар китепкана, ашкана жана медпункт. Жалпы пайдалуу аянты — 1156,47 чарчы метр.

Студенттердин практикалык даярдыгы Ош шаарынын жана Ош облусунун 14 клиникалык уюмунда жүргүзүлөт, анын ичинде Ош аймакаралык бириккен клиникалык ооруканасы, Ош шаардык клиникалык ооруканасы, аймактын жетектөөчү дарыканалары жана медициналык борборлору бар.