Буйрук №217, 20.04.2026 — PDF ачуу

2026–2027-окуу жылына кабыл алуу өнөктүгү КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги №217 буйругунун негизинде жүргүзүлөт.

Кабыл алуунун негизи

Гранттык жана келишимдик орундарга кабыл алуу менчик формасына карабастан ушул жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.

Мөөнөттүү аскердик кызматка чейин тапшырылган ЖРТ жыйынтыгы 3 жылга жарактуу.

Өзгөчөлүк: маданият, искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери — кирүү сынактары боюнча кабыл алынат.

Медициналык жана фармацевтикалык адистиктер

Медициналык жана фармацевтикалык адистиктерге тапшыруу үчүн химия жана биология боюнча предметтик тесттер милдеттүү. Конкурска негизги жана предметтик тесттер боюнча босого баллга барабар же андан жогору балл алган абитуриенттер гана кабыл алынат.

ОРМК адистиктери (химия жана биология талап кылынат):

  • Фармация (060108) — 2 жыл 10 ай, 11-кл.
  • Медициналык айым иши (060109) — 2 жыл 10 ай, 11-кл.
  • Ортопедиялык стоматология (060106) — 2 жыл 10 ай, 11-кл.
  • Физикалык терапия (060113) — 2 жыл 10 ай (9-кл.) / 1 жыл 10 ай (11-кл.)

Өтүнмө берүү эрежелери

  • Ар бир турда абитуриент келишимдик окуу үчүн бир өтүнмө берүүгө укуктуу.
  • Россия, Беларусь жана Казакстан жарандары гранттык конкурска тең укукта катышат.
  • Алардын документтери «Абитуриент Online» системасы аркылуу электрондук түрдө берилет — 2020.edu.gov.kg.
  • Башка мамлекеттердин жарандары документтерин колледждин кабыл алуу комиссиясына түздөн-түз берет.

Жеңилдик категориялары

Конкурстук негизде кабыл алынат (тастыктоочу документтер болгондо):

  • I жана II топтогу майыптыгы бар адамдар
  • Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар
  • Бала кезинен майыптар
  • Айылдык жаштар
  • КР жараны болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдар
  • Апрель, июнь жана Баткен окуяларында каза болгондордун балдары
  • Кайрылман статусу бар адамдар

Керектелүүчү документтер

  • Аттестат (11-класс) же күбөлүк (9-класс)
  • Сүрөт 6 даана (3×4 см)
  • Паспорттун же туулгандык тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү
  • Аскердик билет же катталуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү (эркектер үчүн)

Мөөнөттөр жана байланыш

Документтерди кабыл алуу: 1-июлдан 30-августка чейин

Кабыл алуу комиссиясынын телефону: +996 (770) 59-85-25 | +996 (779) 76-94-81

Дарек: Ош ш., Памир тракты көч., 1 км, №3 үй (Ош облустук клиникалык ооруканасы — Арка)