Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык колледжинин окутуучулары — Доцент Абдикерим Маматов, Нуржан Токторова жана Зарлыкбек Солтоев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош аймактык колледжинин студенттерине “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу программасынын негизинде мазмундуу баяндама жана конок лекцияларды өткөрүштү.
Лекцияларда улуттук баалуулуктарды сактоо, жаштардын интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсү, заманбап билим берүү багыттары, кесиптик даярдыкты өркүндөтүү жана дүйнөлүк билим мейкиндигинде атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо маселелери кеңири талкууланды. Студенттер үчүн уюштурулган бул жолугушуулар өз ара тажрыйба алмашууга, илимий-агартуу ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана кесиптик байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.
Ошондой эле академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош медициналык колледжинин ага окутуучусу Рысбеков Нурдөөлөт, Ош курулуш колледжинин окутуучусу Болотбек кызы Шекер, STEM инновациялык колледжинин окутуучусу Мамазаитова Букатича жана ОшМУнун медициналык колледжинин окутуучулары — Акматова Дилбар Сарыбаевна, Ташматова Дилбар Абдакимовна, Ашымова Нурзат Нурмаметовна, Обозова Динара Чымынтаевна жана Ураимова Гүлзина Анарбаевна тарабынан да жогорку деңгээлдеги конок лекциялар уюштурулду.
Конок лекциялардын жүрүшүндө студенттер кесиптик билим берүү тармагындагы жаңы ыкмалар, практикалык тажрыйбалар жана заманбап окутуу технологиялары тууралуу кеңири маалымат алышты. Иш-чаралар интерактивдүү форматта өтүп, катышуучулардын илимий изденүүсүн, чыгармачылык ой жүгүртүүсүн жана кесиптик компетенттүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталды.
Мындай академиялык мобилдүүлүк иш-чаралары билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, тажрыйба алмашууну өркүндөтүү менен бирге сапаттуу билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошот.












