ОАМКга тапшыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк!
ЖРТнын (ОРТ) негизги тестинен 80 баллдан жогору жыйынтык алган абитуриенттер кошумча предметтик тестсиз жана кирүү экзаменисиз окууга кабыл алынууга мүмкүнчүлүк алышат.
Маанилүү: колледждерге кабыл алууда босого балл 80 баллга чейин төмөндөтүлүп, кошумча предметтер боюнча тесттер алынбайт.
📌 Кабыл алуу ЖРТнын негизги тестинин жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.
Окууга тапшыруу шарттары жана керектүү документтер боюнча толук маалыматты ОАМКнын кабыл алуу комиссиясынан тактаңыз.