ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА КЕСИПТИК ӨНҮГҮҮ: «GAUDEAMUS» БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Бүгүн Ош аймактык медициналык колледжинде (ОРМК) «Gaudeamus» билим берүү программасынын өкүлү Каныкей Нышанбаевна менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга мамлекеттик аккредитациянын талаптарына ылайык билимин улантууну жана кесиптик квалификациясын жогорулатууну көздөгөн окутуучулар, ошондой эле бүтүрүүчү курстардын студенттери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку медайымдык билим берүү, клиникалык психология, коомдук саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, кесиптик өнүгүү жана келечектеги билим берүү перспективалары талкууланды.
Мындай жолугушуулар окутуучулардын кесиптик өсүүсүнө, студенттердин келечектеги мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга жана медициналык билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Сапаттуу билим — кесиптик ийгиликтин жана келечектеги өнүгүүнүн негизи!