Бул күн заманыбыздын залкары, жаңыча көз караштагы, багыттагы адабий чыгармалары менен улуттук адабиятка кайталангыс бурулуш жасаган, кыргыз атын өз чыгармалары менен бүт дүйнөгө тааныткан улуу инсан, Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана муну менен катар, оозеки чыгармачылык менен профессионал адабияттын ортосунда арасат калган кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, чыныгы профессионалдык деңгээлге чыгуусуна өз салымын кошуп кеткен, аз жашаса да, кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган акын Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары белгилүү. Мына ушул эки символикалуу датаны эске алуу менен 2011-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын токтому аркылуу Кыргыз эл акыны, ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Эгемберди Эрматовдун демилгеси менен12-декабрь Улуттук адабият күнү деп кабыл алынган.
Аталган датага улай №1 ORMKнин, СД24 – СТ24 студенттери да төмөнкү ” Кыз-Жигит Сармерден„ майрамдык кече даярдашты.