“Алтын күз “-2024

Ош Аймактык Медициналык Колледжинде “Алтын куз ” аталышындагы куз жарманкеси болуп отту. Жыл сайын салтка айланып калган бул саамалык колледждин, тарбия иштери боюнча жетекчинин жардамы менен уюштурулуп , 1-курстун тайпалары мыкты денгээлдеги даярдык менен катышышты.
Жарманкеде катышуучулар жобого ылайык күзгү элести чагылдырган жалбырактардан жасалган кооз көргөзмөлөрдү, мөмө- жемиштерден жасалган түрдүү даамдарды стол үстүнө жайышты. Жарманкеден түшкөн каражатты “Кайрымдуулукка” тапшырылды.
Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан ар бир тайпанын чыгармачылыгына карата упай берилип, байгелүү орундарга баалуу белектер тапшырылды.