“Кыргыз тилим жана Ч.Айтматов ааламы”- 2024

Ош аймактык медициналык колледжинде “Кыргыз тилим жана Ч.Айтматов ааламы” деген көркөм окуу сынагы болуп өттү. Бул иш чараны уюштуруучусу кыргыз тил жана адабият окутуучусу Асел Папишова аны мыкты деңгээлде өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыктын алкагында Ош шаарындагы сынактардын жыйынтыгы чыкты. Бул иш чарага Ош аймактык медициналык колледжинен Фт-23 тайпасы менен Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинен сахналаштырылган театралдык көрүнүш аткарып, активдүү катышкандыгы үчүн, Ош шаарынын мэриясы тарабынан 19-декабрда Бабур театрында куттуктоо аземинде Ыраазычылык баракчасын алдык.