“ Нооруз – 2025 „


Бүгүн – 21-мартта калган Азия чөлкөмүндөгү бир катар мамлекеттер менен катар эле Кыргызстанда да Нооруз майрамы белгиленүүдө.🌸

Нооруз” – байыркы фарс тилинин “науризи” деген сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде “нау” – “жаңы”, “рузи” – “күн” деген маанини билдирет.

Кыргыз элинде эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты “жыл ажыраш” деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп алас айтылат:

Алас, алас,

Ар балээден калас,

Эски жыл кетти,

Жаңы жыл келди.

Алас, алас,

Айдан аман,

Жылдан эсен,

Жакшылыкты Теңир берди,

Жарык күндү кеңири берди.

Орообуз данга толсун,

Оозубуз нанга толсун!

Алас, алас – деп үйдү, там-ташты, мал-жанды аласташкан.

Нооруз майрамы дегенде ар бир адамдын оюна сүмөлөк тамагы келет. Ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап, жеп жүргөн улуттук тамак-ашы бар. Эзелтеден бери кыргыз эли дагы өзүнүн тамак – аш өнөрүн өз алдынча өнүктүрүп келген.

Биз Ош аймактык медициналык колледжи да Нооруз майрамын колледждин мугалимдер жамааты жана таланттуу студенттер менен биргеликте майрамды откордук.

Кыргызстан элдеринин улуттук каада-салты, ырым-жырымдары жана үрп-адаттары студенттердин талкуусунда иш-чара болуп отту.

Мында колледждин мыкты группалары катышты:

1. Сд-22

2. Фа-22

3. Сд-23

4. Фт-23

5. Фа-23

6. Фт-1-24

7. Фт-2-24

8. Фа-24

9. Сд-24

Иш чара концерттик программа менен коштолуп, катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты.🌸