Куттуктайбыз!

Омукеева Джумакан Алинуровна “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы” жана “Даңк” ордени менен сыйланды.

Профессор, политология илимдеринин доктору, Ош аймактык медициналык колледжинин финансылык- административдик ишмердүүлүгү боюнча директордун орун басары, профессор Омукеева Джумакан Алинуровна көп жылдык илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү жана өлкөнүн билим берүү тармагына кошкон салымы үчүн сыйланды. Бул сыйлык анын Кыргызстандагы коомдук-саясий илимдерди өнүктүрүүдөгү талыкпаган эмгегин жана адистерди даярдоого багытталган тынымсыз аракеттерин баалоо болуп саналат.

Джумакан Алинуровна өз өмүрүн илимге жана билим берүүгө арнап, саясий илимдер чөйрөсүндө өзгөчө салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу. Анын илимий эмгектери жана практикалык изилдөөлөрү мамлекеттик башкаруу, саясий системалар жана демократиялык өнүгүү маселелери боюнча маанилүү сунуштарды камтыйт. Ошондой эле ал жаш илимпоздорду колдоп, алардын илимдеги жана коомдогу ордун бекемдөөгө чоң жардам берип келет.

“Даңк” ордени – бул анын кесипкөйлүгүн, эл алдындагы кадыр-баркын жана Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүүгө жасаган эбегейсиз салымын дагы бир жолу тастыктаган жогорку сыйлык. Профессор Омукеева Джумакан Алинуровна мындан ары да өзүнүн илимий жана билим берүү иштерин улантып, жаш муундарга үлгү болооруна ишенебиз.

Сыйлыгыңыз менен куттуктайбыз, урматтуу Джумакан Алинуровна!💐💐💐