Ак эмгектен алган сыйлык кут болсун! Мамлекетин көз карандысыз күнүнө карата Ош облусунун администрациясынан токтому менен » Ош облусунун ардактуу атуулу » наамы саналуу адамдарга гана берилди. Алардын катарын саясий илимдердин доктору, профессор директору Омукева Джумакан Алинуровна да толуктады . Ал бул мамлекеттик сыйлыкка билим тармагындагы көп жылдык ак эмгеги, Ош аймактык медициналык колледжини ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон чоң салымдары үчүн татыктуу болду.